Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-8
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муктаж жарандарына Бахрейн-2 шаарчасын куруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/733 22-декабрь 2022-жылдагы кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир жана Ак-Баш айылдарынын ортосунда жайгашкан 3,0 га жер аянтына Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы убактылуу турак жайга муктаж болгон ар кандай категориядагы жарандарга (жетим-жесирлер, муктаж мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жалгыз бой муктаж жарандар) араб демөөрчүлөрү эсебинен “Бахрейн-2” шаарчасын курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн жана мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдоо жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т. Джороев |