Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-10
“Муниципалдык ичүүчү таза суу жана сугат суу скважиналардын жайгашкан жер аянттары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/687 02-декабрдагы катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун аймагындагы бардык ичүүчү таза суу жана сугат суу скважиналары, суу насостору жайгашкан жер аянттары муниципалдык менчикке алынсын.
2. Айылдардагы суу насостору жайгашкан жер аянттарына салык чегерүү жана муниципалдык скважиналарды иштетүү үчүн алган жарандарга ижара акысын чегерүү мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомго ылайык иш алып баруу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
Т. Джороев |