Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 24-июну № 8-1
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын ишке ашыруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 сандуу Жарлыгын негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, 25-март 2022-жылы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен өткөн жыйындын протоколун, 24-июнь 2022-жылы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен өткөн жыйындын протоколун эске алып, айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика комиссиясынын протоколун негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында, жергиликтуу калыптанып калган эрежелер, үрп-адаттарга чектөөлөр жана тыюларды салып жана аны бекем сактоо максатында, жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жыйында кабыл алынган төмөнкү чечимдердин негизинде жобо бекитилсин.
2.Айыл аймактын айылдарында маркум каза болгондо 3 күнгө чейин мал жандык союга тыю салынсын. 3 күн ичинде мал жандык союлган учурда, 250 000 (эки жүз элүү миң) сом айып пул салынсын.
2.1.Маркумдун бейшембилиги жана кыркылыгы өткөрүлбөсүн;
2.2.Себет жана түйүндөр алып келинбесин, ордуна акча каражаты берилсин;
2.3.Маркумду эскерүү жылдык-ашында бир баш жылкы же бодо мал союга уруксат берилсин, конок болбосун, конок баккан мурунку карыздары акчалай берилсин, пакет жасоого уруксат берилбесин;
3.Орозо айт, Курман айт үй бүлөсүндө гана белгиленсин. Бул майрам күндөрү аза күтүлбөсүн, майрам күн катары белгиленсин.
4.Үйлөнүү тойлордо 1 автобус же 1 спринтер же 3 жеңил машина гана чыксын. Тойканада маараке-тойлордо чакырылган коноктор 350 адамдан ашпасын.
5.Токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго, аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине, айыл имамдарына, айыл бийлерине жана аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.
6.Токтомдун ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы укук, мыйзамдуулук жана этика комиссиясына жүктөлсүн.
7.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |