Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-1
“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Экономика, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
2.Жамшитова Айнура Замирбековна-Мундуз айылынын тургуну, Сузак райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы
3.Ормошев Кубанычбек Тенирбердиевич- Ак-Булак айылынын тургуну, А. Осмонов атындагы орто мектебинин мугалими
4.Калымбетова Насыйкат Чотуровна-Мундуз айылынын тургуну, Сузак райондук социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси
5.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |