Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-2
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Ибраимов Калбай-Орто-Азия айылынын тургуну, жеке ветеринар;
· Мурзаканов Эмилбек-Жашасын-2 айылынын тургуну, жеке ишкер;
· Ысмаылова Сайкал-Б. Калымбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими;
· Изатов Жолдош-Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары;
· Калмурзаева Бусара-Ы. Чанаков атындагы орто мектебинин директору;
· Ормокеева Махабат-Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси;
· Максытов Кубанычбек-Кара-Көл айылынын тургуну, жеке ветеринар;
· Исабаева Ханийпахан-Х. Кенжаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими;
· Баюми СаидМохамед Елсаид -бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын башчысы;
· Абделкарим Али Мохамед-“Ассамабил” кайрымдуулук фондунун өкүлү.
2.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |