Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-3
“Жашасын-2 айылындагы Т. Курбаналиев ысмын алып жүргөн көчөнүн атын жокко чыгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, 2015-жылдын 4-февралдагы №14 сессиясынын №4 токтому менен бекитилген жобону негиздеп, Жашасын-2 айылынын тургуну А. Мусаевдин 27-декабрь 2021-жылдагы арызын (Сузак райондук сотунун УД-226/21-Д8 21-декабрь 2021-жылдагы токтомунун көчүрмөсү) негиздеп, Жашасын-2 айылынын Т. Курбаналиев ысмын алып жүргөн көчөнун атын жокко чыгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жашасын-2 айылындагы Т. Курбаналиев ысмын алып жүргөн көчөнүн аты жокко чыгарылсын.
2.Ушул токтомду аткаруу жагы Жашасын-2 айылынын айыл башчысы Н. Бараковновго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |