Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-4
“Кызыл-Туу айыл аймагындагы сугат суу бетон курулмаларын мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берүү” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2100 метр сугат суу бетон курулмаларын Сузак райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун 26-август 2022-жылдагы кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орто-Азия айылындагы муниципалдык менчиктеги “Султан арык” 2100 м бетон курулмалары мамлекеттик мулк фондусунун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Мамлекеттик мүлк фондусуна каттатып, суу чарба департаментинин балансына өткөрүп берүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |