Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-5
“Ак-Баш айылына кичи футбол аянтчасын куруу” жөнүндө
Ак-Баш айылынын айыл башчысынын билдирүүсүнүн негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдагы №4-9 токтому жокко чыгарылсын.
2.Ак-Баш айылындагы А. Кыдыралиев көчөсүндөгү айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык менчиктеги 0,125 га жер тилкеси кичи футбол аянтчасы катары пайдаланууга макулдук берилсин.
3.Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |