Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-6
“Айыл чарба багытындагы жерлерди турак жай жерлер категориясына которуу” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын 25-август 2022-жылдагы №01-16/488 кайрылуу катын негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесине таянып негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кочкор-Ата кыштоосунан 8,20 га, Каранын кыштоосунан 34,50 га, Кенжекей кыштоосунан 20,20 га, Таш-Бака күнгөй участкасынан 29,21 га, Ак-Талаа участкасынан 10,0, Көк-Булак участкасынан 23,0 га, жалпы 125,11 га айыл чарба жерлерин “айыл чарба жерлери” категориясынан “турак жай жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын .
3. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |