Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-1
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджеттин 6 айын аткарылышы жана кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде “Киреше жана пайдага салык” салыгынан эсептөөлөрдүн негизинде пландан ашыкча түшүүчү 976,0 миң сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Г. Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга бекитилген бюджеттин 6 айы боюнча жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчетун канааттандыраарлык деп табылсын.
2. “Киреше жана пайдага салык” салыгынан 976,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Кызыл-Туу айыл өмөтүнүң бюджетине түшкөн кошумча киреше эсебинен зарыл болгон чыгымдар үчүн 976,0 миң сом төмөндөгү чыгымдар үчүн сарпталсын:
- Долбоорлор менен курулуп жаткан социалдык объектилердин документ иштерин бүтүрүү үчүн ЖКХ бөлүмүнүн “Түрдүү чыгымдар” беренесинен 210,0 миң сом бөлүнсүн;
- Айыл өкмөт аймагындагы Жашасын-2, Талаа-Булак, Көк-Булак, Ак-Баш, Кызыл-Сеңир айылдарынын жолдорун труба коюп оңдоого 200,0 миң сом берилсин;
- Жашасын-2 айылына инвесторлордун жардамы менен курулуп жаткан мектептин курулушуна айыл өкмөт тарабынан 150,0 миң бөлүнсүн;
- Айыл аймактагы Бостон, Орто-Азия, Кызыл-Сеңир, Ак-баш, Таштак айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн өнүктүрүү фондунун жардамы менен скважина куруп оңдоого айыл өкмөттун салымы үчүн 210,0 сом бөлүнсүн;
- Икрам Ажы спорт мектебинин айланасын тосууга кошумча 146,0 миң сом берилсин;
- аппарат бөлүмүнө турдүү чыгымдар беренесине 60,0 миң сом бөлүнүп берилсин
4. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Нуруевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |