Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 10-8
“Социалдык-экономикалык өнүгүү планына артыкчылыктуу деп табылган каржылануучу чакан долбоорлорду бекитип берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, CASA-1000 долбоорунун “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбооруна талаптарына ылайык, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү таасир этүүчү коридордогу Таштак, Көк-Булак-1, Жашасын-2, Кызыл-Сеңир жана Талаа-Булак айылдарынын артыкчылыктуу деп табылган төмөндөгү чакан долбоорлорду жана жаштардын өнүгүү планы бекитип берилсин.
· Талаа-Булак айылындагы бала бакчанын курулушун аяктоо;
· Кызыл-Сеңир айылындагы Ф. Чанаков атындагы орто мектебинин ремонту;
· Таштак айылындагы О. Муратов атындагы орто мектебинин ремонту;
· Жашасын-2 айылына электр мамычаларын орнотуу, зым тартуу;
· Көк-Булак участкасындагы А. Матиев атындагы орто мектебин реконструкциялоо;
2. Жаштардын өнүгүү планы жана жогорудагы айылдардын артыкчылыктуу деп табылган чакан долбоорлору Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
3. Жаштардын өнүгүү планын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүу акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу Кызыл-Туу айыл өмөтүнүн ТКАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы М. Матиевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |