Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 5
Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана төрагасынын 2022-жыл ичиндеги жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34 жана 40-беренелерине, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен кортундуларына ылайыкБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
Баткен шаардык Кеңешинин 2022-жыл ичинде шаардык Кеңештин депутаттарынын жана төрагасынын аткарган ишмердүүлүгүнө берилген шаардык Кеңештин төрагасы А.А.Ашировдун отчёту кабыл алынсын.(отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
|
|
| Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №01-11/1 токтомуна №1 тиркеме
|
Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана шаардык Кеңештин төрагасынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёту.
Урматтуу депутаттар жана урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары!
Сиздердин назарыңыздарга Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана шаардык Кеңештин төрагасынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчётун алып чыгууга уруксат этиңиздер! Жалпы ишмердүүлүк: Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттардын ишмерүүлүгүнүн экинчи жылы жыйынтыкталды.
Шаардык Кеңеш КРнын нормативдик актыларына жана Регламентине ылайык ар бир жыл үчүн иш план бекитет. Иш планга КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамында жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарга берилген жергиликтүү маанидеги маселелер толугу менен камтылып, киргизилет. Иш планга ылайык 2022-жыл ичинде 5 пландуу, 2 кезексиз сессия өтүлүп, 78 токтом кабыл алынган. Аларды тармактарга бөлө турган болсок:
Өнүгүү программа, иш план, иш чаралар – 10;
Каржылык, финансы, инвестиция тармагы боюнча – 17;
Муниципалдык менчик маселелери боюнча – 8;
Айыл чарба, муниципалдык жерлер, транформация боюнча – 12;
Жеке менчик секторлор боюнча – 2;
Социалдык: маданий, медицина, билим берүү, спорт ж.б – 12;
Жоболор, регламент бекитүү, наамдарды кабыл алуу – 5;
Тарифтер: салык жыйымы, таштандылардын жана ичүүчү таза суунун акысы, жайыт акысы – 3;
Уюштуруу иштери – 2;
Отчёттор – 7.
Шаардык Кеңештин ченем жаратуу иши:
Шаардык Кеңештин кабыл алынган токтомдору КР 2009-жылдын 20-июльдагы “КР ченемдик укутук актылары жөнүндө” № 241 Мыйзамына жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык, нормативдик актыларын каттоого алуу жол-жобосу жасалат. Жобого ылайык сессия өткөн күндөн тартып 10 жумушчу күн аралыгында сессиянын протоколдору даярдалып, токтомдор төрага тарабынан бекитилгенден кийин жалпыга расмий сайт аркылуу жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргиүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилет. Юстицияга кагаз түрүндө 2 нускамада жана электрондук вариантта каттоого жөнөтүлөт.Токтомдор КР нормативдик актыларында көрсөтүлгөн тартипте жана стилде жазылып даярдалат. Токтомдор негизинен шаарды социалдык жактан өсүп өнүктүрүүгө багытталат: өнүгүү программалары, иш пландар жана иш чараларды бекитүүгө, муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу жана башкарууга, жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүүгө жана аткарууга арналган. 2022-жылда башка жылдарга салыштырмалуу жоболорду кабыл алуу орчундуулгу туулду. мурдагы мыйзамдарга ылайыкташтырылып жазылган, шаардык кеңештин жана шаар мэриясынын жобосун, иштөө регламентин мындан тышкары шаар калкынын ички жашоо-турмуштук тартип, эрежеси белгиленген коомдоштуктун Уставынын жобосун түзөтүү-өзгөртүүлөр менен бекиттик.
Шаардык Кеңештин кабыл алган чечимдери, уюштуруу иштери расмий сайтта, социалдык түйүндөрдө, массалык маалымат карааттарында жарыяланып калкка жеткирилип келет. Расмий сайтта сессиялардын чечимдери, Кеңештин иши жөнүндө Жобо, отчёттор, Регламент, иш пландар жана программалар жайгаштырылган.
Баткен шаардык Кеңеши 31 депутаттан жана аппараттык кызматкерлерден турат. 31 депутаттын жыл башынан бери карай 7 депутатыбыз өз калоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазышып, алардын ордун толуктоо үчүн 6депутат мандат алып келишти, 1 депутаттык орун бош турат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги максаты-ар бир Баткен шаарынын тургунун жашоо деңгээлин көтөрүү жана сапатын жакшыртуу. Шаардык Кеңештин депутаттары шаардын аймагында иштеп жаткан турмуш-тиричилик обьектилердин ишинде туруктуулукту, жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бардык зарыл чараларды көрдү.
Бул жыл оңой болбосо да, 2021-2022-жылдарга пландаштырылган максаттуу программаларды жана маселелерди пландаштыруу жооптуу жылында ишибизди туруктуу жана системалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк бергендигин дароо белгилеп кетким келет. Бүгүнкү күндө шаардык Кеңештин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, биз жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын да, шаардык Кеңештин төрагасынын да ишине түздөн түзбаа бере алабыз. Биз ошондой эле шаардын аткаруу бийлиги менен бирге канчалык үзгүлтүксүз жана кесипкөй иштеп жатканын баалайбыз, анткени биздин жарандардын жыргалчылыгы гана эмес, шаардын өзүнүн көрүнүшү жана бакубаттуулугу, анын инфраструктурасынын өнүгүшү, инвестициялык жана туристтик жагымдуулугу ал эми жумуш орундары пайда болушу бул биздин ишмердүүлүккө байланыштуу.Туруктуу депутаттык комиссиялардын ишин талдап, алардын отчётторун карап чыккандан кийин Кеңештин оперативдүүлүгү жөнүндө ишенимдүүлүк менен айтууга болот. Чындыгында шаардын аткаруу органдарынын бир дагы сунушу көңүл сыртында калган жок, шаарды өнүктүрүүнүн ишине керектүү чечимдерди тез арада кабыл алуу үчүн сессиянын отурумуна чейин эле комиссиялардын кезексиз жыйындарын өткөрүү зарыл болду. 2022-жылга карата туруктуу депутаттык комиссиялардын отчёттору бекитилди. Ошондой эле алардын иши тууралуу кыскача маалымат сессиянын бүгүнкү отурумунда Кеңештин иши боюнча берилген маалыматта бар. Депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укутарын ишке ашырууга, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууга, жарандарды кабыл алууну уюштурууга, шайлоочулардын, эмгек жамааттарын жана коомдук уюмдардын алдында отчётторду жүргүзүүгө жардам берүү жагынан шайлоочулардын добуш берүү мезгилинде айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин турмушка ашыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Баяндамалар, ошондой эле Кеңештин сессиясында депутаттар айтылган сунуштар жана сын-пикирлер менен кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.
Шаардык Кеңеш тарабынан кабыл алынган иш-чаралар Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2022-жылы ийгиликтүү аткарылды десем болот. Мисалы: Чет-Булак кварталына мал базардын курулушу, борбордук стадиондун ичиндеги спорт залдын курулушу,шаарыбызда муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу боюнча шаарыбызга 6 даана коомдук автобустун алынышы.
Ошентип, 2022-жылы шаардык Кеңеш, шаар мэриясы менен биргеликте шаардын тургундарынын жашоосуна зарыл болгон милдеттерди тез арада чечүүнүн иш жүргүзүүдө. Шаар мэри, шаардык Кенеш тарабынан кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн туруктуу депутаттык комиссиялар сессиянын кезексиз жыйналышын өткөрүү жөнүндө сунуштарын берип сессиялар үзгүлтүксүз өтүлдү. Биздин биргелешкен ишибиздин алкагында биз сыймыктана турган нерселерибиз бар.
Шаар аймагында балдардын келечегине кам көрүүдө, балдарыбызга стимул берүү менен алардын жасаган алга умтулуусун колдоп даңазалоо максатында, шаардык Кеңештин төрагасы катары демилге көтөрүп бүтүрүүчү класстардын мындан аркы билимин өркүндөтүү кадамына кошкон салым катары 9-11-класстардын окуу жылында жетишкен ийгиликтерин балоо максатында Баткен шаарынын “Жаш Кеменгери” наамын ыйгаруу сыйлыгын кабыл алдык, бул өзгөчө сыйлык катары баалап кетким келет.
Ушундай эле шаарыбыздын расмий белгилери, атрибуттарын жаңылоо сунушун да шаардык Кеңеш колго алып, аны жаңылоо үчүн аткаруу органына сунуштап бердик. Символикаларыбызды заман талабына ылайык жасап, кабыл алышыбыз да бул тарыхый өзгөчөлүк болуп калат деген ишеничтемин.
Албетте, ресурстар ар дайым чектелген, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде, бул Кыргызстандын салыштырмалуу борборлоштурулган бюджеттик тутумуна байланыштуу. Жөнөкөй айтканда, акча ар дайым жетишпейт. Бир да малекеттик башкаруу органына, бир да муниципалитетке жада калса, акча дүйнөдө бир да бюджетте жетиштүү эмес, анткени адамдын керектөөсү, аларды канааттандыруунун мүмкүнчүлүгүнө караганда тезирээк өсөт демекчимин.
Шайлоочулардын тапшырыктары боюнча биргелешкен комиссия түзүлүп, мэрия жана муниципалдык кызматчылар менен биргеликте буйруктардын аткарылышын текшерүү иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү жыйындын алкагында бул комиссиянын иши боюнча да отчёт берилип, шайлоочулардын аткарылган тапшырыктарын көзөмөлдөн алып салуу боюнча чечимдин долбоору сунушталат.
Шаардык Кеңешке 2022-жылы жарандардан 65 кайрылуу түшүп, анын 56сы каралып, өз убагында жабылган, 1 кайрылуу кайра кайтарылып алынган, бул жарандардын кайрылууларын жабуунун 100 пайызын түзөт. Келип түшкөн кайрылуулардын бир кыйла бөлүгүн турак-жай коммуналдык чарба тармагына тиешелүү. Анда жол оңдоо, көрктөндүрүү, жер маселеси, мыйзамдуулук маселелери каралды.
Шаардык Кеңеш Баткен шаарында жаштарды патриоттуулукка жана дене –тарбия, спорт жаатында өнүгүүсүндө шаардык Кеңеш, мэрия менен биргеликте Спорт агентигине бир канча кайрылуулары менен Баткен шаарына балдардын спорт мектебини ачууга жетишишти.
Шаарыбыздын инфра түзүмүн жакшыртуу максатында шаар мэриясы менен биргеликте долборлоо иштери акырындык менен жолго коюлуп жатат. Бул маселеге канчалык бюджеттик каражат талап кылынса да биргелешкен пикирге келип макулдук берүү менен анын аткарылуусун көзөмөлгө алып жатабыз. 2022-жылдын апрель айында шаардын жер жерлеринде шаар калкы менен депутаттардын жолугушуулары болуп өттү. Жолугушууда шаар тургундары айтылган сын-сунуштарына иш-чаралар түзүлүп, берилген 36 суроо-талапка жооп берилди. Октябрь айында ушундай эле график менен шаар тургундары менен жолугушуулар болуп анда шаардык курултайга делегаттар шайланып, шаардык Курултай 2022-жылдын 5-ноябрында өткөрүлүп, Элдик Курултайга 2 делегатты шайлады. Шайланган 2 делегат шаардагы эң орчундуу деп табылган 3 маселени Элдик курултайга жеткирип беришти. Жолугушууларды жана жергиликтүү курултайды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаардык Кеңештин депутаттары жана аппараттык кызматкерлер биргеликте иш алып барышты.
Учурдан пайдаланып белгилеп кетким келет: Өнүккөн өлкөлөрдүн ийри шаарларында, коңшу мамлекеттердин шаарларындаөзүнчө өзгөчөлөнгө түс менен боёну өткөн кылымдарда кабыл алып, архитектуралык көрүнүшүн бирдейлик менен боёп келет. Баткен шаарыбызда өзүнүн (экстерьер) тышкы келбетинин стили болсо деген сунушум бар. Бул сунушумду шаар мэриясына жана шаардык архитектурага шаарыбыздын архитектуралык обьлигин жакшыртуу үчүн иштеп чыгуусун сунуштаймын. Сунушту 2023-жылдын март айынан башталуучу көрктөндүрүү –жашылдандыруу мезгилине чейин бир жыйынтык менен камылга көрүшсө, бул сунушубуз кабыл алынгандан кийин тарых алдында шаарыбыздын өзүнүн боёгун жоготпой алып жүрөт беле.
2022-жылы жеке маселелер боюнча жарандарды 53 кабыл алуу өткөрүлдү. Жеке кабыл алууда 45суроо каралды, атап айтканда: 1. Жөлөк пул берүүгө көмөктөшүү, 2. Жер маселеси боюнча, 3. Социалдык маселелер, Электро энергетика жабдыктары боюнча.
Жеке кабыл алууда жарандар тарабынан берилген бардык суроолор ар тараптуу каралып, жекече түшүндүрмөлөр берилди. Ар бир кайрылуу Баткен шаардык Кеңешинде катталып, ал жабылганга чейин каттуу эсеп жана көзөмөл жүргүзүлөт.2022-жылдын аягында Кеңештин төрагасынын кабыл алуусунда болгон жарандардын 23 кайрылуусу толукталып, жабылган.Кайрылуулардын 8и иште жана көзөмөлүндө калып , 2023-жылы 8 маселенин ичинен 6 кайрылуу жабылган.
Шаардык Кеңештин ишин уюштуруу үчүн;
Баткен шаардык Кеңешинин аппараты 2011-жылдын 5-августундагы №452 “Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттрынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 1 саясый муниципалдык кызмат оруну (төрага), 3 штат бирдиги кармалган. КР Өкмөтүнүн №452 05.08.11 токтомун негиздеп Баткен шаардык Кеңешинин 4-чакырылышынын 4-сессиясынын № 3-4 токтому менен 1-иш кагаздарын жүргүзүүчү штат бирдигин кармап келет. Аппараттык кызматкерлер, өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып барат.
Шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү “Санариптештирүүгө” 2021-жылдын январь айынан баштап өткөрүлгөн. 2023-жылдын январь айына чейин кирүү жана чыгуу каттары, кадр кызматынын “E” кызматы 2021-жылдан бери карай жүргүзүлүп келет. 2023-жылдын январь айынан баштап шаардык Кеңештин кабыл алган токтомдору, өндүрүштүк буйруктар, иш сапары, буйруктары толугу менен электрондук жүргүзүүгө өткөрүлдү.
Кеңештин аппаратынын кызматкерлери башка шаардык кеңештердин кызматкерлери менен Жогорку Кеңештин адистери, Кеңештердин иштерин координациялаган агенттиктер менен иш алып барышат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун мамлекеттик жана коомдук органдары, эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, ишканалар (бирикмелер), уюмдар, мекемелер жана жарандар менен бирдикте, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык эл аралык мамилелерде Кеңештин атынан чыгып, 2022-жылы шаардык Кеңештин депутаттарынын активдүү интерноцианалдык иш-аракети улантылды.
Жооптуу катчы | Ж.Алдашова |