Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 5
Баткен шаар мэриясына ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн акысыз жана кайтарымсыз шартта жеңил автоунаны өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 29-берененин 2-пунктуна, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 27-январдагы №01-12/147 катына, жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаар мэриясына ЮНИСЕФ Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн акысыз жана кайтарымсыз шартта Toyota PicK – up Hi Lux 01 KG 0029 маркасындагы жеңил автоунаны өткөрүп алууга макулдук берилсин
2.Автоунаны баланстан-баланска өткөрүп алуу иштерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтом шаар калкына, шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарына /У.Гаипов/ жүктөлсүн
Төрага | А.Аширов |