Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 7
“Баткен шаарынын Чет-Булак, БАМ участкаларындагы “Айыл чарба жерлери” категориясындагы, 199,6 га өлчөмүндөгү жер аянттарын “Калктуу конуш жерлери “ категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №169 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пункутуна, Баткен шаарынын жашоочуларын жеке турак жай маселесин чечүү үчүн жеке менчик турак жай жана көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга жер аянттарын берүү максатында, Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик айыл чарба агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 30-январдагы кортундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак, БАМ участкаларындагы “Айыл чарба жерлери” категориясындагы, мамлекеттик менчиктеги 199,6 га жайыт жер аянттарын “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) жеке турак жай жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн төмөнкү контурлардагы жерлерге макулдук берилсин.
- Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын түштүк-чыгышындагы 41,6 га: контур №798, контур 5,8га, №817 контур 1,40га, №819 контур 0,9га, №820 контур 8,7га, №821 контур, 18,1га, №1253/ контур 0,5га, №1253 контур 1,2га, №1255 контур 0,3га, №-1255 контур 0,4 га, №1256 0,2га, №1263 контур 0,2га, №1264 контур 2га, №1265 контур 1,2га, №1281 контур 0,2га, №1282 контур 0,5 га,
-Кызыл-Жол кварталынын БАМ участкасынан №74 контур 10,8га, №75 контур 5,9га, №77 контур 5,4га, №78 контур 1,1га, №79 контур 0,4 га,№230 контур 8,6га, №686 контур 1,9 га, №71 контур 4,7 га, №69 контур 7,4 га, №687 контур 1,6га, №688 контур 19,1 га, №691 контур 14,5га, №65 контур 0,9га, №70 контур 13,3га, №68 контур 14,8га, №1065 контур 24,2 га, №1067/ контур, №1069 контурларындагы 4,0га га , №1071 контур 6,4 га, №1070/контур 0,8га, №1085 контур 7,5 га, №59 контур 1,7 га, жана №1061 контур 3,0 га контурларындагы 158,0 га
2.“Баткен шаарынын Чет-Булак, БАМ участкаларындагы айыл чарба жерлери категориясындагы, 199,6га өлчөмүндөгү жер аянттарын калктуу конуш жерлери категориясындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын №45 токтомуна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын №41 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Которууга (трансформациялоого) тиешелүү мекемелерден жасалган баштапкы юридикалык иш кагаздары сакталсын.
4.Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен суралсын
5..Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |