Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
2023-жылдын 17-февралы № 7
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2022-жылдагы иш пландарында каралган маселелер боюнча отчету
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы», «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча»,
«Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы», жана «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссияларынын 2022-жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап , Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.10-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча”, “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча”, “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” жана “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссияларынын 2022-жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2023-жылга карата туруктуу комиссиялардын кабыл алган иш пландарындагы карала турган маселелерди ыкчам жана сапаттуу карап, регламент боюнча сессия болоруна он күн калганда материалдарды кеңешке тапшыруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. 2022-жылдын 4-мартындагы VII сессиясында Каргалык айыл өкмөтүнүн, жаштар кеңешинин, карыялар кеңешинин, аялдар кеңешинин, аксакалдар сотунун Уставдарын тез аранын ичинде ирээтке келтирүү жөнүндө протоколдук берилген тапшырма аткарылбагандыгы белгиленсин жана 2022- жылдын 4- мартындагы №3- токтомдун 14-пунктундагы эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чегин кайрадан 1994 -жылкы картада көрсөтүлгөн чек боюнча калтыруу жөнүндөгү маселе аткарылбагандыгы көрсөтүлсүн жана бул боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи А.Абдыманбетовго чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Каргалык айыл өкмөтү тарабынан Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге 2022-жылдын 12 ай ичинде өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасай албагандыгынын натыйжасында 24.03.2022-жылы №61, 18.04.2022-жылы №108, 12.12.2022-жылы № 294- буйруктар чыгарылып, 1 эскертүү, 2 сөгүш жазасы берилгендигин жана айылдык кеңештин токтомдору менен милдеттендирилген иштерди аткарууда салкын мамиле кылгандыгын эске алуу менен, 2021-жылдын 27-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №125 Мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктундагы 5-бөлүмчөсүнүн д) пунктчасын, ушул эле берененин 2-пунктун негиз кылып, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге мыйзамга ылайык чара колдонуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге тапшырылсын.
5. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына 2023-жыл ичинде өтүлүүчү сессиялардын токтомдорунун аткарылышы боюнча, өздөрүнө көзөмөлдөөгө коюлган маселелердин жообун, ар бир сессиядан кийин айыл өкмөтүнөн кечиктирбестен талап кылып туруу жагы милдеттендирилсин.
6. Коомдук уюмдар менен, анын ичинде жаштар комитети менен биргеликте активдүү иш алып баруу жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду аткаруу жагы жогоруда аталган туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Тагайбекова Нурайым Алмазовнага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.И.Токтоболотов |