Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-январы № 9
«Маловодное айылына кичи футболдук аянтчасын куруу боюнча»
Маловодное айылындагы Маловодное орто мектебинин аймагына, аянты 0,08га кичи футбол аянтчасын куруу маселесин карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын Маловодное айылындагы Маловодное орто мектебинин аймагына аянты 0,08га кичи футбол аянтчасын курууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жылжымышовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |