Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-январы № 11
“2022-жылдын бюджетин жана 2023-2024-жылдарга кирешелердин болжолун бекитүү жөнүндө, ошондой эле 2022-жылдын 1-январына карата чыгашалардан ашкан кирешелерди бекитүү жөнүндө (эркин калдык)” Бюджеттик комиссия тарабынан сунушталган Кызыл-Туу айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинин долбоорун карап, Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгү 14090,6 миң сом , анын ичинде атайын эсеп боюнча - 1174,0 миң сом №1 тиркемеге ылайык бекитилсин
2. 2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү 14090,6 миң сом, анын ичинде атайын эсеп боюнча 1174,0 миң сом № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2023-2024-жылдарга кирешелердин болжолунун долбоору атайын эсепти эске алуу менен № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин
4. 01.01.2022-жылга карата кирешенин чыгашадан ашкан (эркин калдык) бюджет боюнча 4720,5 миң сом, атайын эсеп боюнча 29,3 миң сом № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бөлүштүрүлсүн.
5. 2022-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча жүргүзүлсүн (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, коммуналдык кызматтар жана көмүр)
6. 2022-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде айрым топтор боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 2021-жылы жетишсиз каржыланышын компенсациялоо.
7. Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча алынган кирешелер толугу менен жергиликтүү бюджеттин карамагында калсын.
8. Жогоруда белгиленген кирешелер биринчи кезекте социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, айылдарды көрктөндүрүү жана турак жай-коммуналдык керектөөлөрдү чечүүнү каржылоого жумшала тургандыгы белгиленсин.
9. Штаттык бирдик бекитилсин (аппарат, А/Кенеш, китепканалар жана клуб).
10. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу бюджеттик комиссиянын чечими менен жетекчиге бюджетке жана атайын эсеп боюнча ылайык акча каражаттарынын өзгөртүүлөрдү, толуктоолорун жана кыймылдарын тескөө укугу берилсин.
11. 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттен алынган каражаттар толугу менен жана так өз багыты боюнча пайдаланылсын.
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |