Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-январы № 13
«Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы No 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы No 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кызыл-Туу айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин “Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Уставын кайра каттоо жөнүндө” 2018-жылдын 03-июлундагы №15 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын «Кызыл-Туу айыл өкмөтү» мекемеси белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |