Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы № 16
«Айыл категориясына киргизүү боюнча”
Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Исмаил калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Исмаил калктуу конуштун жашоочуларынын жыйынында кабыл алынган чечимин карап жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Исмаил калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча Исмаил калктуу конуштун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан Исмаил калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана Исмаил калктуу конуштун схематикалык картасы, чек ара баяндамасы менен даярдалып, Исмаил калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовко тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |