Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-февралы № 19
«Сметаны бекитүү жана каражат бөлүштүрүү жөнүндө Чүй облусун өнүктүрүү фондунун конкурска катышуу үчүн»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовдун маалыматын угуп, айыл аймагынын 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы жөнүндө жана “Маловодное айылына кичи футбол аянтчасын куруу” долбоорун ишке ашыруу зарылчылыгын талкуулап, Кызыл-Туу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маловодное айылындагы Маловодненская орто мектебинин аймагына сметалык баасы 1573,7 (бир миллион бешжүз жетимиш үч миң жетижүз) сом кичи футбол аянтчасын куруунун долбоордук сметасы бекитилсин.
2. Өздүк салым 617,0 (алты жүз он жети миң) сом өлчөмүндө, башкача айтканда 39,0 % жергиликтүү бюджеттен Маловодное айылындагы Маловодненская орто мектебинин аймагына кичи футбол аянтчасын курууга бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б Джылжымышовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |