Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-марты № 23
«Жер тилкени бөлүп берүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айылындагы Билал көчөсүндө мечиттин жанынан парк курууга өлчөмү 0,12 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Кызыл-Туу айылынын тургундарынын арыз-кайрылуусун карап, талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылындагы Билал көчөсүндө мечиттин жанынан парк куруу үчүн аянты 0,12 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Джылжымышовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жеке турак жай куруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кенештин төрагасы | Иманалиев К.Ю. |