Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябры № 16
Бакайыр айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын 20-сессиясы
Бакайыр айылдык кеӊеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле «Жергиликтүү мамилекеттик администрациялык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренесине ылайык Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Бакайыр айыл өкмөтүнүн курултайын өткөрүү боюнча камиссия курамы бекитилсин
1. Камчыбеков Ө.- комиссиянын төрагасы
2. Сеитбеков А.- комиссиянын катчысы
3. Капар уулу К.- Ак-Башат айылынын айыл башчысы
4. Буудайбеков З.- Кара-Сай айылынын айыл башчысы
5. Болот уулу К.- айылдык кеӊештин депутаты
6. Бакенов Р.- айылдык кеӊештин депутаты
7. Байдовлетов Б.- айылдык кеӊештин депутаты
8. Абдразаков Т. - айылдык кеӊештин депутаты
9. Үсөн уулу М. – айылдык кеӊештин депутаты
2. Бакайыр айыл өкмөтүнүн курултайын өткөрүү жана курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн айылдардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги бекитилсин.
Кара-Сай айылы 07.10.2022-ж саат 14-00 Маданият үйү
Ак-Башат айылы 07.10.2022-ж саат 16-00 Маданият үйү
3. Бакайыр айыл өкмөтүнүн курултайына 100 делегат деп белгиленсин, анын ичинен
Кара-Сай айылы 30 делегат
Ак-Башат айылы 20 делегат
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго жүктөлсүн.
Бакайыр айылдык кеӊешинин төрагасы: | Жаныкул уулу К. |