Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябры № 17
Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылдык Кеӊешинин 8- чакырылышынын 20-сессиясы
Бакайыр айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын 20-сессиясынын Кара-Сай айылындагы М. Чалданбаев атындагы орто мектебинин астындагы 13 ийне жалбырактуу карагайларды кыюу жөнүндөгү сунушуна ылайык Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кара-Сай айылындагы М. Чалданбаев атындагы орто мектебинин имаратынын алдындагы олтургузулган карагайлар бийик өсүп, тамырлары кеӊейип, мектептин пайдубалына зыян тийгизип жаткандыгына байланыштуу карагайларды кыюуга уруксат берүү жагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык экологиялык көзөмөл башкармалыгынын уруксат алуу жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакайыр айылдык аймагынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси С.Байышевге милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныкул уулу К. |