Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2019-жылдын 4-июлу № 125
Кадамжай айыл Көмөк акционердик төрагасы Т.А. Бегалиевдин жазган катын кароо жөнүндө
Кадамжай айыл Көмөк акционердик коомунун төрагасы Т.А. Бегалиевдин 29.04.2019-жылдагы жазган катын айыл, суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып жана Марказ айыл Өкмөтүнүн жер боюнча туруктуу комиссиясынын 17.05.2019-жылдагы протоколуна негиз Марказ айыл Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн Достук айылында № 282-контурунда жайгашкан Кадамжай айыл көмөк акционердик коомунун менчигиндеги айдоо-кайрак түрүндөгү 3,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр-жай, транспорт байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Кадамжай айыл Көмөк акционердик коомунун менчигиндеги айдоо кайрак түрүндөгү 3,0 га жер аянтыны “Өнөр-жай, транспорт байланыш коргонуу жана башка багыттагы” жерлер түрүнө которуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Шамшиев |