Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 1
Бакайыр айыл Кенеши Бакайыр айыл өкмөтүнүн 2022 -жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун жана 2023-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдардын долбоору жөнүндө
Бакайыр айылдык аймактык Кенеши, Бакайыр айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун, 2023-2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Бакайыр айыл Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакайыр айыл Кеӊеши Бакайыр айыл өкмөтүнүн 2022 - жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 10909,4 мин сом жана чыгаша бөлүгү 13623,2 миӊ сом өлчөмүндө аткарылганы бекитилсин.
2. Бакайыр айыл Кенеши Бакайыр айыл өкмөтүнүн 2023 - жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 17177,1 миӊ сом, чыгаша бөлүгү боюнча 17177,1 мин сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
3. Бакайыр айыл Кенеши Бакайыр айыл өкмөтүнүн 2024-2025 – жылдардын жергиликтуу бюджетинин болжолдуу долбоорун киреше жана чыгаша болугу кабыл алынсын.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин: | |||||
Кат № | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | 2023ж. | 2024ж. | 2025 |
сумма | сумма | сумма | |||
1 | 11111100 | Киреше салыгы | 3235,0 | 4367,0 | 4572,0 |
2 | 11122200 | Патенттик негизде алынуучу салык | 177,0 | 177,0 | 177,0 |
3 | 11311200 | Кыймылсыз мүлктөн түшүүчү салык | 1,0 | 1,0 | 1,0 |
4 | 11312100 | Транспорттук мүлктөн түшүүчү салык | 410,0 | 410,0 | 410,0 |
5 | 11321100 | Бак-огороддорду пайдалануудан түшүүчү жер салыгы | 203,0 | 203,0 | 203,0 |
6 | 113213200 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы |
|
| 797,0 |
7 | 11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 140,0 | 140,0 | 140,0 |
8 | 14152200 | Жайыт жерлердин ижара акысы | 487,4 | 487,4 | 487,4 |
9 | 14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 60,0 | 60,0 | 60,0 |
10 | 14152600 | УКБФдагы жерлердин ижара акысы | 546,7 | 546,7 | 546,7 |
|
| Атайын каражаттар | 916,0 | 916,0 | 916,0 |
|
| Теӊдөөчү грант | 11001,0 | 11001,0 | 11001,0 |
|
| Баардык түшүүчү киреше | 17177,1 | 18309,1 | 19311,1 |
|
|
|
|
|
|
1. 2022-2023-2024-жылдарга Бакайыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкү разделдер боюнча бекитилсин:
Анын ичинен | ||||
Кат № | Болумдун аталыштары | 2023ж. | 2024ж. | 2025 |
Сумма (м.с) | Сумма (м.с) | Сумма (м.с) | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн аппаратына | 9011,9 | 9011,9 | 9011,9 |
2 | Коргоо | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
3 | Экономикалык маселелер | 487,4 | 487,4 | 487,4 |
4 | Турак жай жана комуналдык к. к. | 3007,8 | 5535,9 | 5141,8 |
5 | Маданий тармагына | 1026,1 | 1026,1 | 1026,1 |
6 | Элге билим берүү | 1096,2 | 1096,2 | 1096,2 |
7 | Бала-бакча | 2018,7 | 2018,7 | 2018,7 |
| Социалдык камсыздоо | 329,0 | 329,0 | 329,0 |
| Баардык чыгаша | 17177,1 | 18309,1 | 19311,1 |
Токтомдун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн
аткарылышын жана чыгаша бөлүгүн бекитилген статьялар боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Бюджетти аткаруу процессинде айыл өкмөтүнө төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр берилсин:
Жыл ичинде сметанын чегинде статьядан статьяга, разделден разделге, ошондой эле кварталдан кварталга жылдырууларды жүргүзүп турууга, ошондой эле өзгөртүүлөрдү атайын эсептер боюнча жүргүзүүгө.
Жүргүзүлгөӊ сметалык өзгөртүүлөрдү жылдыруулардын эсебинен кварталдын, жылдын жыйынтыгы менен айылдык Кеӊеште бекитүүгө сунушталсын.
2021-жылга айылдык аймагынын накталай кассалай акча жүгүртүүсү 1.0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүүдө чыгаша бөлүгү боюнча зарыл болгон чыгымдарды Республикалык бюджеттен алынуучу каражаттан каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын..
Кирешелерден ашык түшкөн убакта чыгаша бөлүгү мыйзам чегинде жумшалсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бакайыр айылдык Кенешинин бюджет жана финансы комиссиясынын төрагасы Б.Жалалбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныкул уулу К. |