Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-февралы № 3
Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарынын тегерегиндеги бош жаткан жерди Этнокомплекс куруу үчүн менчикке алуу жөнүндө
8 – чакырылышынын кезексиз сессиясы
Бакайыр айылдык кеӊешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясында Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарынын тегерегиндеги бош жаткан жерди Этнокомплекс куруу үчүн менчикке алуу жөнүндө чечимине ылайык Бакайыр айылдык аймагынын Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Кара-Сай айылындагы “Ак-Тайлак” мазарынын тегерегиндеги бош жаткан жерди Этнокомплекс куруу үчүн Бакайыр айыл өкмөтүнүн менчигине алынсын.
2. КРӨ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура филиалынан мамлекеттик акт алынсын.
3. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү милдети Бакайыр айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С. Байышевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Жаныкул уулу К. |