Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-февралы № 4
Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу тоо кыркаларында жайгашкан эӊ бийик чокусуна “Бакай - Ата” чокусу ысымын ыйгаруу жөнүндө
8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
Бакайыр айылдык кеӊешинин 8- чакырылышынын кезексиз сессиясынын Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Бакайыр тоо кыркаларында жайгашкан эӊ бийик чокусуна “Бакай - Ата” чокусу ысымын ыйгаруу жөнүндө маселени карап, талкуулап Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Бакайыр тоо кыркаларында жайгашкан эӊ бийик чокусуна “ Бакай - Ата” ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Жаныкул уулу К. |