Загрузка документа…
БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-февралы № 5
Манас чокусунун күн чыгыш жагындагы чокусуна “Чынгыз - чоку” деп дүйнөгө белгилүү жазуучу – дипломат Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 31-январындагы № 01-17/ 179-сандуу катындагы “Чынгыз-Ордо” коомдук бирикмесинин 2023-жылдын 31-январындагы жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Манас чокусунун күн чыгыш жагындагы чокусуна дүйнөгө белгилүү жазуучу – дипломат Чынгыз Айтматовдун наамына “Чынгыз - чоку” ысымын ыйгаруу жагы каралсын.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Жаныкул уулу К. |