Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 24-февралы № 5

Манас чокусунун күн чыгыш жагындагы чокусуна “Чынгыз - чоку” деп дүйнөгө белгилүү жазуучу – дипломат Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө

8-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 31-январындагы № 01-17/ 179-сандуу катындагы “Чынгыз-Ордо” коомдук бирикмесинин 2023-жылдын 31-январындагы жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Бакайыр айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.    Манас чокусунун күн чыгыш жагындагы чокусуна дүйнөгө белгилүү жазуучу – дипломат Чынгыз Айтматовдун наамына “Чынгыз - чоку” ысымын ыйгаруу жагы каралсын.

2.    Бул токтомдун аткаруу жагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Умарбековго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Жаныкул уулу К.