Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 20-майы № 45
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы № 145 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн жер аянтын которуу (трансформациялоо) максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы № 191-контурдагы 17,13 га таштуу жайыт жер, № 196-контурда 0,67 га таштуу жайыт жер, жалпы 17,80 га жер аянтын жеке менчик турак-жай куруу үчүн " Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
| Ж.Шадиманова |