Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 45
Айылдык кеңештин депутаты О. В. Стойконун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешиинин регламент, этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Л. М. Сыргабаеванын комиссия чыгарган 2022-календардык жылда беш жолу жүйөлүү себептерсиз катышпай калган айылдык кеңештин депутаты О. В. Стойко тууралуу корутундусу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана Новопавловка айылдык кеңешинин Уставынынын 3.4 пунктуна ылайык, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты Стойко Оксана Васильевнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасы А. Абышевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| А. Абышев |