Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 1
Кайрагач калктуу конушунун жашоочуларынын 2022-жылдын 12 июлундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү чечими тууралуу
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2011-жылы 16-апрелдеги 19-сессиясынын Жаны Мөнөк калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү № 3/1 токтому ведомстволор аралык комиссияда каралып, колдоого алынып, бирок Мөнөк деген аталыш уруунун аты болгондуктан калктуу конуштун аталышын өзгөртүү жөнүндөгү комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корутундусуна ылайык айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын караштуу Кайрагач калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү чечими Кайрагач калктуу конушунунун жашоочуларынын чечими колдоого алынсын.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан Кайрагач калктуу конушту айыл категориясына киргизүү боюнча тиешелүү маалыматтар жана Кайрагач калктуу конуштун схематикалык картасы, чек ара баяндамасы менен даярдалып, Кайрагач калктуу конушун айыл категориясына киргизүү боюнча сунуш Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М. Абдылдаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чындоо, кеңештин иши, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |