Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 3
Айыл аймагындагы социалдык жөлөкпул алуучулар, оорулугу боюнча балдардын жалпы саны, балалыктын майыптыгы боюнча ДМЧлар менен иштөөнүн жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси М. Ахмаджанованын жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү, алардын турмуш деңгээлинин абалын жогорулатуу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистеринин жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине – аймактагы калктын аярлуу катмарына социалдык паспорт толтуруп, аларды электрондук каттоого алуу;
- ДМЧлар жана зомбулукка кабылган жарандар менен иштөөнүн сапатын жакшыртуу иштерин күчөтүүнү камсыз кылышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |