Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 4
Айыл аймагындагы 2022-2023-жылдарында күз-кыш мезгилине карата жылытуу сезонуна даярдык көрүү иштеринин абалы жөнүндө.
Депутаттар айылдык кеңештин депутаты Ф. Юсуповдун аймактагы калктын, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жылдарга жылытуу сезонуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, аймактагы калкты жана мекеме-ишканаларды катуу отун менен камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн аймактагы калкты жана мекеме-ишканаларды катуу отун менен камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнө – жылытуу сезонуна даярдык көрүүдө кээ бир кемчилдиктерди тез арада жоюу жана калкты жана мекеме-ишканаларды катуу отун менен толук камсыз кылуу боюнча атайын сатуу орундарын уюштуруу жана көзөмөлдөө тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |