Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 5
Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы орто мектептерге 1-класска кошумча орус тилиндеги класс ачуу жөнүндө
Депутаттар аймактагы мектептердин директорлорунун 1 класска орус тилинде окутуучу класстарды ачуу жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, жаш жеткинчектерге чет тилдерди (орус тилин) үйрөтүү, чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1.Мектеп директорлорунун сунуштары колдоого алынсын жана аймактагы мектептерге 1-класстарга кошумча орус тилиндеги класс ачууга уруксат берилсин.
2. Мектеп директорлоруна - жаңы ачылган класстарды тиешелүү эмеректер жана буюмдар, атайын билимдүү адистер менен жана аларды эмгек акылары менен камсыз кылуу жактары тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөтапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим жана билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |