Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 6
Кашкар- Кыштак айылына таза суу чыгаруучу скважиналарын куруу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин депутаты Х. Салиевдин Кашкар-Кыштак айылына таза суу чыгаруучу дагы бир скважина куруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, калкты таза суу менен толук камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1.Кашкар-Кыштак айылына таза суу чыгаруучу 2 (Эки) скважина курууга уруксат берилсин.
2.Скважиналарды курууга ылайыктуу жер тилкесин издеп табуу, уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана башка иштерди аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Скважиналардын курулушун каржылоо жагы 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүү сунушталсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим жана билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |