Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 7
Кашкар- Кыштак айыл аймагында даарат кагазын жана памперс чыгаруучу цех ачуу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. Юсупбекованын “АРИС” программасынын каржылоосу менен аймакта даарат кагазын жана памперс чыгаруучу цех ачуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, жаңы иш орундарды түзүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагында даарат кагазын жана жаш балдарга памперс чыгаруучу цех ачууга уруксат берилсин.
2. Цех ачууга ылайыктуу имарат издеп табуу, уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоо, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана башка иштерди аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун бир нускасы “АРИС” агенттигине каржылоо жүргүзүү үчүн берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим жана билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |