Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 8
Кашкар-Кыштак айылындагы Нариман-ата көчөсүнүн жашоочуларынын арызы жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасы З. Нурдиновдун Кашкар-Кыштак айылындагы Нариман-ата көчөсүнүн жашоочуларынан алардын үйлөрү жайгашкан жер тилкелерин башкы планга киргизүү жөнүндө жазган арыздарын карап берүү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, жарандардан түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1.Кашкар-Кыштак айылынын Нариман-ата көчөсүнүн тургундары –
- Валижанов. Ботир.
- Хакимжанова Зилола
-Махкамов Улугбек
- Исраилова Хожиранын үйлөрү жайгашкан жер тилкелерин башкы планга киргизүүгө уруксат берилсин.
2. Жер тилкелерин башкы планга киргизүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кара-Суу райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан Кашкар-Кыштак айылынын башкы планына өзгөртүү киргизип берүү жагы суралсын.
4.Токтомдун бир нускалары кызыкдар тараптарга таанышуу үчүн берилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер жана турак жай, курулуш, жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |