Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 9
Кашкар-Кыштак айылындагы муниципалдык менчикте турган“Айдос” спорт аянтчасын менчикке сатууга уруксат берүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Маматовдун Кашкар-Кыштак айылындагы “Айдос” спорт аянтчасын менчикке сатып алуу жөнүндө арыздар түшкөндүгү жана аянтчаны сатуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап чыгып, жарандардан түшкөн арыздарды канаат-тандыруу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Маматовдун Кашкар-Кыштак айылындагы “Айдос” спорт аянтчасын менчикке сатуу жөнүндөгү сунушу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Токтомдун бир нускасы кызыккан тарапка таанышуу үчүн берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер жана турак жай, курулуш, жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |