Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (VII шайланган) XIV сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 10
2022-жылдын январь айынан июль айына чейинки аралыкта пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө жана тармактан тармакка акча каражатын которуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын 6 айында пландан ашыкча түшкөн кирешени бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кенештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2022-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин:
- салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын эсебинен пландан сырткары 6 256 000 сом; патенттин негизиндеги салыктан 2 353 500 сом; ишмердүүлүк максатында пайдалануучу мүлк салыгынан 405 000 сом бардыгы болуп 9 014 500 сом пландан сырткары жыйналган акча каражаты топтолгондугу белгиленсин.
2. Чыгаша жагы 70629 – «Турак жай жана коммуналдык кызматтар» тармагынын 3111 статьясынын чыгыша жагына 9 014 500 сом акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.
3. 70921 Мектептер тармагынын 3111 статьясынан 800 000 сом жана 3112 статьясынан 700 000 сом, баары болуп 1 500 000 сом акча каржаты 70629 турак жай жана коммуналдык кызматтар тармагынын 3111 стаьясына 1 500 000 сом каражатын каржылоого уруксат берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |