Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XIV – сессиясы
2022-жылдын 20-июлу № 11
Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы балдар бакчаларына кошумча жаңы тайпа ачуу жөнүндө
Депутаттар аймактагы балдар бакчаларынын башчыларынын кошумча тайпа ачуу жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, жаш үй бүлөлөрдүн бакчаларга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында айылдык кеңеш, токтом кылат:
1.Балдар бакчаларынын башчыларынын сунуштары колдоого алынсын жана Бекжар айылында – 2 жаңы, Кашкар-Кыштак айылында - 2 кошумча жаңы тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө - жаңы ачылган тайпадарды тиешелүү эмеректер жана буюмдар, атайын билимдүү адистер менен жана аларды эмгек акылары менен камсыз кылуу жактары тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим жана билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |