Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 7-чакырылышындагы айылдык кеңешинин кезектеги XV – сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 3
Жер мунапысынын негизинде жеке турак жай курууга ажыратып берүү үчүн жер тилкесинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин КР “Жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндөгү” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21-мыйзамынын, КР МК 2022-жыл- дын 31-майындагы №291-токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү Жобонун” негизинде жер мунапысын жүргүзүү максатында Жарооз айылындагы мурун ээленип калган жер аянттарын жеке турак жай курууга ажыратып берүү үчүн жер тилкесинин өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, КР “Жер кодексинин” 13-беренесине ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарооз айылындагы мурун ашыкча ээленип калган жер аянттарын жеке турак жай курууга ажыратып берүү үчүн жер тилкелеринин өлчөмү - 0,08 гадан белгиленсин.
2. Жарооз айылындагы мурун ашыкча ээленип калган жер аянттарынын эсептен ашыкча жерлери жеке турак жай куруу үчүн кезекте турган ушул айылдын тургундарына ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун нускалары кызыккан тараптарга берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жер, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо курулуш, турак жай жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |