Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар – Кыштак айылдык кеңешинин (Жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 1
Тармактан тармакка акча каражаттарын которуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын тогуз айында эконом болгон акча каражаттарын тармактан тармакка которуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын талкуусуна коюп, бул маселе кенири талкуулангандан кийин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын тогуз айынын ичинде эконом болгон акча каражаттары 70111 аппарат башкармалыгы тармагынын
- 2212 телефондук байланыш кызматынан 60 000 сом,
- 2215 ар түрдүү чыгымдар статьясынан 30 000 сом,
- 2221 учурдагы ремонттоо статьясынан 50 000 сом,
- 3112 жабдыктарды сатып алуу статьясынан 4 00 сом,
70821 Китепканалар тармагынын 2211 иш сапарына чыгымдарынан 7 200 сом,
70921 Мектептер тармагынын 2215 ар түрдүү чыгымдар статьясынан 40 000 сом,
- 2221 учурдагы ремонттоо статьясынан 300 00 сом, баары болуп 491 200 сом акча каражатын 70823 маданият үйлөрү тармагынын 3112 статьясына 5 000 сом,
70629 турак жай жана коммуналдык кызматтар тармагынын
- 2221 статьясына 12 000 сом жана 3111 статьясына 474 200 сом акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |