Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар – Кыштак айылдык кеңешинин (Жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 2
Акча каражатын которуу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовдун Кыргыз Республи- касынын жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар Союзунун айыл өкмөттөр Ассоциаци ясына аймактагы калктын санына жараша бир пайыз өлчөмүндө акча каражатты милдетүү түрдө которуу керектиги боюнча сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат:
1. Кашкар- Кыштак айыл айыл аймагында 2022- жылдын 1- январына карата калктын жалпы саны 35878 адамды түзгөндүктөн, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруучулар Союзунун айыл өкмөттөр Ассоциациясынын эсебине жер гиликтүү бюджетинен 35878 (Отуз беш миң сегиз жүз жетимиш сегиз) сом акча каражат которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Акча каражатты которуп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |