Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар – Кыштак айылдык кеңешинин (Жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 3
Акча каражатын которуу жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовдун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Кожошевдин 2022-жылдын 11.04.индеги №1818, орун басары Б.Төрөбаевдин 2022-жылдын 24-апрелиндеги №16/24-С жана 2022-жылдын 2-июнундагы № 18-2/50 сандуу протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн балансындагы имараттарды, автоунааларды камсыздандыруу зарыл экендигине токтолуп 2022-жылга акча каражатын которуу жөнүндөгү сунушун угуп жана кеңири талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн балансындагы имараттарды, автоунааларды камсыздандыруу үчүн 2022-жыл эсебине жергиликтүү бюджеттен 50 000 (Элүү миң ) сом акча каражат ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Ф.Э бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовго мыйзам чегинде карап иш арекеттерди жасоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |