Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 4
Муниципиалдык менчикте турган жерди ижарага берип, курулуш курууга макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары Кашкар-Кыштак айылында уюштурулган “АЖР” фондунун башчысы Исаков Талгаттын муниципиалдык менчикте турган Ата-Мекендик Согуштун катышучуларына арналган эстелик монументти фонддун эсебинен каржылап, айылдын борборуна жаңыдан эстелик монументти курушкандыгын жана эски ордуна көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү сунушун карап чыгышып, кеңири талкулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат:
1.Кашкар-Кыштак айылынын Т.Юнусов көчөсүндө жайгашкан муниципиалдык менчикте турган Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү монументинин ордуна “АЖР” кайрымдулук фондуна 20(жыйырма) жылга көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен “АЖР” кайрымдуулук фодунун ортосунда көп жылга ижарага берүү боюнча мыйзам чегинде келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Түзүлгөн келишимдин негизинде мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап бүткөндөн кийин курулуш иштерин баштоого макулдук берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы атайын туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |