Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин ( жетинчи чакырылышынын) XVI- сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 5
Кашкар -Кыштак айылынын борборундагы базардын жана коомдук тамактануучу жайлардын, соода дүкөндөрдүн абалы, таштандыларды чыгаруу боюнча тазалык ишканасынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары өнөр жай, комуналдык чарба,транспорт,соода, базар, энергетика боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Юсупова Хайрынсанын текшерүүнүн жыйынтыгын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат
1.Айылдагы борбордук базарларда коомдук тамактануучу жайларда, соода борборлорунда, чачтарачканаларда элдерди тейлөөнүн абалы бир топ жакшы жолго коюлгандыгы эске алынсын.
2.Базардын, коомдук тамактануучу жайлардын, соода дүкөндөрдүн айлана ларында таштандыларды ташып чыгарууда тазалык ишканасынын башчысы Темиров Ибрагимдин жүргүзүп жаткан иштери канаттандырарлык эмес деп табылсын.
3.Тазалык ишканасынын ишин мындан ары жандандырып иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы атайын туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |