Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 6
Кенжекул айылында жайгашкан маркумдар коюлуучу мүрзөнүн аянтын кенейтүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Кенжекул айылынын тургундарынын атынан айылдагы мүрзөнүн аянтын кеңейтип берүү жөнүн дө жазган арыздарынын негизинде сессияда бекитип берүү боюнча сунушун карап, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кенжекул айылынын жалпы тургундарынын атынан айылдагы мүрзөнүн аянтын кеңейтүү жөнүндөгү арызынын негизинде жазылган сунуш каты эске алынсын.
2.Кенжекул айылындагы маркуумдар коюлган мүрзөнун аянтын кеңейтүүгө макулдук берилсин.
3.Мүрзөнүн аянтын кеңейтүүгө тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы тийишелүү комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |