Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин ( Жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 7
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү бюджетинин 9 айында аткарылган иштери жөнүндө маалыматы
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Маматовдун маалыматын жана Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы Р.Рахматовдун жергиликтүү бюджеттин 9 айында аткарылышы боюнча малыматтарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Ф.Э.бөлүмүнүн башчысынын жергиликтүү бюджеттин 9 айында аткарган иштери эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын 9 ай ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
3. 2022-жылдын 9 айында эконом болгон акча каражаттарын тармактан-тармакка которууга макулдук берилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин 2022-жыл ичинде аткарылышы боюнча жылдык отчету жыл аягында айылдык кеңештин сессиясында угулсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин атайын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |