Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) XVI сессиясы
2022-жылдын 2-ноябры № 8
2022-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бекитип берүү жөнүндө жана тармактан тармакка акча каражатын которуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын тогуз айында пландан ашыкча түшкөн кирешени бекитүү боюнча Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын талкуусуна коюп, бул маселе кенири талкуулангандан кийин айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январынан 1-октябрына чейин
- салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын эсебинен пландан сырткары 100 000 сом;
- патенттин негизиндеги салыктан 246 500 сом,
- ишмердүүлүк максатында пайдаланылуучу мүлк салыгынан 3 100 000 сом,
Бардыгы болуп 3 446 500 сом пландан сырткары жыйналгандыгы белгиленсин.
2. Чыгаша жагы 70629 – “Турак жай жана коммуналдык кызматтар” тармагынын 3111 статьясынын чыгаша жагына 3 446 500 сом акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
| З. Г. Нурдинов |